<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Gm</key>
<title>Тоолору бийик, көгүлтүр асман РЫЖ326</title>
<lyrics>[V1]
.  Gm              Eb
 Тоолору бийик, көгүлтүр асман,
.          Cm            D
 Кайгыга баткан өткөн замандан,
.  Gm              Eb
 Айткыла, бизди түшүнгөн барбы?
.        Cm               D
 Кыргыз элимдин жолдору тарбы?

[V2]
 Чындыкты издеп, элим чарчады,
 Кайгы-муң басып, жүрөк сыздады.
 Теңир, жиберчи тез жардамыңды,
 Кайгыга баткан кыргыз элиме.

[V3]
 Жашоонун маани, маңызын таппай,
 Сандалды элим, чарпылды далай.
 Туура түшүнүк берчи, о Кудай,
 Түйшүккө баткан кыргыз элиме.

[V4]
 Күнөөнүн сазы сорот элимди,
 Чыга албай андан элим эзилди.
 Өз балдарыңды, Теңир, жиберчи,
 Күнөөгө баткан кыргыз элиме.

[V5]
 Суусады элим, Теңир, Сөзүңө,
 Соолуган гүлдөй какшыган чөлдө.
 Улуу ырайым, Теңирим, Сенде,
 Жамгырдай төкчү кыргыз элиме.

[V6]
 Гүл бакча болот какшыган чөлүм,
 Кайра ачылат соолуган гүлүм,
 Даңктайт Өзүңдү, кубанып элим,
 Ошол кез келет, келет, ишенем.</lyrics>
<hymn_number>326</hymn_number>
</song>